Дональд Трамп Казакстан менен Өзбекстандын президенттерин «Чоң жыйырманын» саммитине чакырат

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери кийинки жылы АКШнын Майами шаарында өтө турган «Чоң жыйырманын» (G20) саммитине чакырылышат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп TruthSocial соцтармагындагы баракчасына жазды.
“Бүгүн эртең менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу эки сонун сүйлөшүү өткөрдүм. Биз уланып жаткан жаңжалдарга тынчтык алып келүүнүн маанисин, ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкууладык”,- деп билдирди ал.
Дональд Трамп АКШнын эки өлкө менен болгон мамилесин “эң сонун” деп атап, эки лидерди кийинки жылы өтө турган G20 саммитине конок катары катышууга чакыруу жөнөтөрүн айтты.
Акыркы жылдары АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөгө аракет кылууда. Үстүбүздөгү жылдын ноябрында Вашингтондо «Борбордук Азия – АКШ» (C5+1) саммити болуп өткөн. Дональд Трамптын администрациясы демилгелеген бул жолугушууга Кыргызстан, Казахстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Анда жолугушуунун негизги тема пайдалуу казындылар болгону айтылган.
Мындан тышкары саммиттин алдында АКШнын мамлекеттик катчысы 2026-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө бара тургандыгын билдирген. Анын сапары ресурстарга бай аймак менен кызматташтыкты чыңдоого багыттала турганы белгилүү болгон.
Маалымат үчүн: Азыркы тапта «Чоң жыйырмага» (G20) 19 мамлекет жана эки биримдик кирет. Алар: Австралия, Аргентина, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, , Орусия, Мексика, Сауд Арабиясы, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы, Япония, ошондой эле Европа биримдиги жана Африка биримдиги.