«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттү

13.02.2026 | 12:42

«Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын токтоп калган объектилерин Курулуш министрлиги өз карамагына алып, курулуш иштерин аягына чыгарат Бул тууралуу 12-февралда курулуш министри Нурдан Орунтаев ишкананын үлүш ээлери менен «Кудайберген» турак жай комплексинин курулуш аянтында жолугушуу учурунда билдирди.

Министрликтин маалыматында, бул чечим төрт жылдан бери батирлерине ээ боло албай жаткан жарандардын көптөгөн кайрылууларынан кийин кабыл алынган. Ишканадагы финансылык маселелерден улам курулуш иштери токтоп калгандыктан, маселе президенттин көзөмөлүнө алынган. Жыйынтыгында “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги объектилерди Курулуш министрлигине өткөрүп берген.

Министр Нурдан Орунтаев билдиргендей, “Кудайберген” жана “Шопоков” турак жай комплекстериндеги иштер бир айдын ичинде жанданып, эки жылдын ичинде толук бүткөрүлөт. Курулуш үчүн так график иштелип чыгып, материалдардын наркы эсептелет. Үлүш ээлеринин каражаттары курулуш иштерине гана багытталат жана батирлердин баасы базардагы нарктан жогору белгиленбейт.

Учурда тиешелүү документтерди жана келишимдерди кайрадан кароо иштери башталды. Төлөмдөр жаңы бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, каражаттардын пайдаланылышы ачык-айкын көзөмөлдөнөт. Курулуштун жүрүшү жана батирлерди тапшыруу үчүн жалпы жоопкерчилик Курулуш министрлигине жүктөлдү.

Scroll to Top