Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти
Дордойдогу өрттөн 42 соода түйүн, 9 күркө жарактан чыкты
06.07.2022 | 09:18
Кечээ, 5-июлда Дордой базарында жайгашкан кытай катарында металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануучу, шаурма жана суусундук саткан 9 күркө (павильон) күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом