Депутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?
Дордойдогу өрттөн 42 соода түйүн, 9 күркө жарактан чыкты
06.07.2022 | 09:18
Кечээ, 5-июлда Дордой базарында жайгашкан кытай катарында металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануучу, шаурма жана суусундук саткан 9 күркө (павильон) күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом