Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Дрон менен түрмөгө баңгизат өткөргөн деп 20 жаштагы жаран кармалды
27.03.2025 | 12:16
Бишкек шаарында баңгизаттарды сактоого жана таратууга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган шектүү А.у.К.нын жашаган жерин иттин жардамы менен тинтүү учурунда кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат оролгон 2 даана баштык табылган. Алардын жалпы салмагы 3 кг 84 граммды түзгөн.
Мындан тышкары анын үйүнөн учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) табылган. Шектүү жаран аларды түрмөнүн аймагына баңгизаттарды жана башка мыйзамсыз буюмдарды өткөрүү үчүн колдонгондугу аныкталган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, шектүүнүн үйүнөн алынган зат нашаа болуп чыккан. Кылмышка шектүү камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар