Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) өлкөлөрдү тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана кант кошулган суусундуктардын баасын жок дегенде 50%га жогорулатууга чакырып, «3 на 35» аталышындагы демилгени көтөрдү. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, бул чара өнөкөт оорулардын алдын алууга жана мамлекеттин бюджети үчүн кошумча зарыл каражаттарды тартууга багытталган.
«3 на 35» демилгеси – бул жугуштуу эмес оорулардын кеңири жайылышы, тышкы жардамдын азайышы жана өлкөлөрдүн мамлекеттик карызынын өсүшү менен шартталган саламаттыкты сактоо системаларындагы каражат тартыштыгына жооп»,- деп айтылат маалыматта.
Уюм жугуштуу эмес оорулардын эпидемиясы негизинен тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана кант кошулган суусундуктарды керектөөдөн келип чыгарын айтты.
«Жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулар, диабет жана башка оорулар дүйнө жүзүндөгү өлүмдөрдүн 75%дан ашыгын түзөт. Жакында жарыяланган отчетко ылайык, мындай продукциялардын баасын бир жолу 50%га көтөрүү алдыдагы 50 жылда 50 миллион адамды эрте өлүмдөн сактап калат»,- деп билдирди ДССУ.
Ал эми ДССУнун калктын саламаттыгын чыңдоо, оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча жетекчисинин жардамчысы доктор Жереми Фаррар саламаттыкты сактоо максатында салык салуу эң эффективдүү куралдардын бири экенин белгиледи.
«Бул салыктар зыяндуу продукцияны керектөөнү азайтып, мамлекетке кошумча киреше алып келет. Ал каражаттарды саламаттыкты сактоого, билим берүүгө жана социалдык коргоого жумшоого болот. Аракет кыла турган убакыт келди»- деди ал.