БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Душанбеде КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйыны өттү
08.09.2025 | 13:50

5-сентябрда Тажикстандын төрагалыгы алдында Душанбе шаарында КМШ Экономикалык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу уюмдун интернет-порталында кабарланды.
Иш-чарага Азербайжан, Беларус, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Армения, Казакстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышты.
Жыйында тараптар илим-технологиялык суверенитетти чыңдоого багытталган 2026–2035-жылдарга карата илим-технологиялык өнүгүү стратегиясын бекитти. Ошондой эле логистиканын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында КМШнын транспорттук коридорлорун санариптештирүү стратегиясынын долбоору сунушталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат