Дүйнөлүк ЖМКлар: Вашингтон Борбор Азиядагы пайдалуу казындыларга кызыгууда

АКШ президенти Дональд Трамп менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн жетекчилеринин Вашингтондогу жолугушуусунда негизги тема пайдалуу казындылар болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.
Reuters агенттигинин маалыматында, Дональд Трамп Борбор Азияны «өтө бай регион» деп атап, АКШнын бул беш өлкө менен өнөктөштүгүн чыңдоону каалай турганын билдирген.
«Күн тартибибиздеги негизги маселелердин бири — стратегиялык мааниге ээ минералдар. Акыркы жума ичинде менин администрациям союздаштар жана дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр менен маанилүү минералдардын жеткирүү чынжырларын кеңейтүү боюнча келишимдерди түзүү аркылуу Американын экономикалык коопсуздугун чыңдады», — деген Трамп өз сөзүндө.
Associated Press агенттиги бул жолугушуу жогорку технологиялык түзүлүштөр смартфондор, электромобилдер жана аскердик учактар үчүн зарыл болгон сейрек кездешүүчү металлдарды издөө аракетинин алкагында өткөнүн жазды.
Маалыматта айтылгандай, өткөн айдын башында Кытай бийлиги сейрек кездешүүчү элементтер менен магниттерге болгон экспорттук чектөөлөрдү кеңейткенин бирок, кийинчерээк Бээжин жаңы чектөөлөрдү бир жылга кийинкиге калтырарын жарыялаган.
“Азыр Вашингтон маанилүү минералдар үчүн жүрүп жаткан атаандаштыкта Кытайды айланып өтүүнүн жаңы жолдорун издеп жатат”,- деп билдирди агенттик.
Эске салсак, Бишкек убактысы менен бүгүн, 7-ноябрда, Вашингтондо «Борбордук Азия – АКШ» (C5+1) саммити өттү. Анда АКШ президенти менен Кыргызстан, Казахстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жетекчилери жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты.