Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Жантөрө Мырзалиев (63 кг) Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынды.
Финалдык беттеште ал ирандык балбан Ахмадреза Мохсен менен күч сынашып, ага 0:9 эсебинде утулуп калды.
Ошондой эле, 55 кг салмакта Нуристан Сүйөркулов жана 87 кг салмакта Асан Жанышов коло медалдын ээси болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз