Видео: Балбан Мырзалиев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Видео: Балбан Мырзалиев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Жантөрө Мырзалиев (63 кг) Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Мырзалиев  таймашты 18-августта 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде украиналдык атаандашын 10:1 эсебинде утту. Чейрек финалда америкалык балбанды 8:5 эсебинде жеңди.

Жарым финалда Жантөрө Мырзалиев казакстандык балбан менен күрөштү. Алгач атаандашына 0:7 эсебинде жеңилип жатып, аягында жеңишти сууруп кетүүгө жетишти. Ал 14:7 эсебинде алдыга чыгып, аны менен бирге атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Алтын үчүн беттеште ал ирандык балбан Ахмадреза Мохсен менен күч сынашат.

Ошондой эле 55 кг салмакта Нуристан Сүйөркулов, 77 кг салмакта Эрлан Марс уулу коло үчүн ат салышат.

Андан тышкары, 87 кг салмакта Асан Жанышов көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт. Ал кармашында жеңишке жетсе, коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүндүк алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>