Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы (В тайпасы) биринчи оюнунда Сингапурду утуп чыкты.
27-февралда өткөн беттеште кыргызстандык хоккейчилер атаандаштарын 14:2 эсебинде жеңген.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, ошондой эле, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. В тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар ушул эле дивизиондун А тайпасында оюн ойноого мүмкүнчүлүк алат.
Оюндардын жадыбалы:
- 1 март: Кыргызстан — Босния жана Герцеговина;
- 2 март: Кыргызстан — Малайзия;
- 3 март: Иран — Кыргызстан;
- 5 март: Гонконг — Кыргызстан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз