Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн Асан Жанышов алтын үчүн күрөшөт

Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн Асан Жанышов алтын үчүн күрөшөт

Бүгүн, 3-сентябрда грек-рим балбаны Асан Жанышов Испанияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы (U-20) дүйнө чемпионатынын алтыны үчүн күрөшөт.

Жанышов 87 кг салмакта күч сынашууда. Ал 2-сентябрда килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган.

Ал биринчи беттешинде грузиялык Ачико Болквадзени 11:3 эсебинде, андан кийин чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3 эсебинде уткан.

Ал эми жарым финалда румыниялык Патрик Горданды 8:0 менен жеңип, алтын үчүн күрөшө турган болгон.

Эми финалдык беттеш бүгүн, 3-сентябрда өтөт. Анда Жанышов азербайжандык Жожу Самадов менен күч сынашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>