Дүйнө чемпионатына тандоо баскычы: Бүгүн Кыргызстан Өзбекстан менен ойнойт

Дүйнө чемпионатына тандоо баскычы: Бүгүн Кыргызстан Өзбекстан менен ойнойт

Кыргызстандын футбол курамасы бүгүн, 10-сентябрда дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында экинчи беттешин өткөрөт.

Кыргызстандын атаандашы Өзбекстан болуп, беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн саат 20:00до башталат.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында Кыргызстан Түндүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Катар, Иран менен А тайпасына жайгашкан.

Биринчи оюнунда Кыргызстан Иран менен ойноп, 0:1 эсебинде жеңилген. Азырынча «ак шумкарлар»  упай ала элек.

Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>