Бишкекте мас айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткенСаламаттык сактоо министрлиги менен БУУ дары-дармек сатып алууну катуу көзөмөлдөөнү макулдаштыКыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайы
“Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалы концерт менен жыйынтыкталды
31.05.2025 | 16:24
Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүн Дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалы салтанаттуу концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын жүрүшүндө дүйнө элдеринин эпостук мурастары тааныштырылып, ар кайсы өлкөлөрдөн келген өкүлдөр өз элдеринин оозеки чыгармачылыгын сунушташты. Жыйынтыктоочу концертте улуттук музыка, элдик аспаптар жана фольклордук чыгармалар аткарылып, көп улуттуу маданий мурастын байлыгы чагылдырылды.
Бул фестиваль эл аралык маданий диалогду чыңдап, эпос аркылуу элдердин тарыхын жана руханий дүйнөсүн даңазалоого багытталган маанилүү иш-чара катары жогорку деңгээлде өттү.
Рубрики: Жаңылыктар