Дүйнөдө эң көп айлык алган өлкө башчылар

Дүйнөдө эң көп айлык алган өлкө башчылар

Forbes дүйнөдө эң көп айлык алган өлкө башчылар тууралуу жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, дүйнөдө өлкө лидерлери арасында эң чоң айлыкты Сингапурдун өкмөт башчысы Лоуренс Вонг алат. Ал бир жылда 1 млн 690 миң доллар же ай сайын 140,8 миң доллар табат.

Андан кийинки орунда Швейцариянын президенти Виола Амхерд турат. Ал бир жылда 569,5 миң доллар акча табат. Үчүнчү орунда жылына 412,5 миң доллар айлык алган Австралиянын өкмөт башчысы Энтони Албаниз турат. АКШнын президенти Жо Байден жылына 400 миң доллар маяна алат. Эң көп айлык алган 5 өлкө башчынын катарында Австриянын канцлери Карл Нехаммер бар. Анын жылдык кирешеси 316,7 миң долларды түзөт.

Россиянын президенти Владимир Путин 28-орунда турат. Ал бир жылда 113,6 миң доллар киреше табат.

Эң аз айлык алган өлкө башчы деп жылына 1,7 миң доллар алган Эфиопиянын өкмөт башчысы Абий Ахмед Али табылды.

Аталган тизмеге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери кирген эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>