Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Дүйнөдө коронавирустун жаңы түрү пайда болду
22.03.2022 | 14:04
Европа жана АКШда коронавирустун «дельта» жана «омикрондун» мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Covid-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдирди.
“Жаңы варианттын генетикалык ырааттуулугу Францияда бейтаптан январда алынган үлгүдөн GISAID эл аралык маалымат базасында февралда аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январдан кеч эмес пайда болгон, бирок эч бир жерде оорунун кескин өсүшүнө алып келген эмес жана өтө эле сейрек кездешет”, – деп жазылат маалыматта.
“Омикрон” менен ооруп айыккандар дагы сактанышы керек.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар