«Дүкөндөрдөй эле ачылып жатат». Депутат дарыканалардын санын азайтууну талап кылды

«Дүкөндөрдөй эле ачылып жатат». Депутат дарыканалардын санын азайтууну талап кылды

Депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин жыйынында дарыканалардын санын азайтууну талап кылды.

Ал Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнө кайрылып, дарыканаларды текшерүү жана алардын санын азайтуу керектигин билдирди.

«Дарыканаларды азайткыла. Текшерип, лицензияларын алгыла. Көптөрү лицензиясы жок иштейт. Бир көчөдө, Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишине барсаң, 15 дарыкана турат. Бул эмне деген шумдук! Санын азайткыла, лицензия бергенди да токтоткула. Дүкөндөрдөй эле ачылып жатат», — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган комитеттин жыйынында жаштар арасында баңгизаттын, психотроптук заттардын жайылуусуна бөгөт коюу маселеси талкууланды. Талкуу учурунда дарыканаларда адамга күчтүү таасир этүүчү дарылар өспүрүмдөргө, жаштарга ээн-эркин сатылып жатканы боюнча да маселе көтөрүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>