ЕАЭБ бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдиктерди киргизди

ЕЭК Кеңеши 2027-жылга чейин бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Документке ылайык, 5 миң тоннага чейинки көлөмдөгү этти жеңилдетилген шартта алып кирүүгө уруксат берилет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, жеңилдик жаңы, муздатылган жана тоңдурулган бодо малдын этине тиешелүү. Аны пайдалануу үчүн импорттоочу уюмдар, товардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдын тастыктоочу документи болушу шарт.
Белгиленген тартипке ылайык, импорттолгон эт кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан эт продукциясын өндүрүү үчүн гана колдонулушу керек. Ошондой эле, бул эттен даярдалган продукцияны ЕАЭБдин башка мамлекеттерине экспорттоого тыюу салынат.
Аталган чара ички рынокту чийки зат менен камсыздоо, кайра иштетүү тармагын колдоо жана баа туруктуулугун сактоо максатында ишке ашырылууда.