КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Чет өлкөлүктөрдөн акча алып турган. «Достук-автожол» өткөрүү пунктунун башчысы кармалды
04.02.2026 | 10:25

Ош облусундагы «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
УКМКнын маалыматында, аталган башчы өткөрүү пунктунда жасалма кезектерди уюштуруп турган. Ал ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн акча алып турган. Мындан тышкары, анын чек ара аймагында кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген адамдарга колдоо көрсөтүп келгени аныкталган.
Учурда кызмат адамы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар