ЕАЭБ жана Индия атомдук жана суутек энергетикасы тармагындагы кызматташтыктын багыттарын белгилешти
India Energy Week (IEW-2026) эл аралык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Индиянын нефть жана жаратылыш газы министри Хардип Сингх Пури менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары глобалдык энергетикалык рыноктун учурдагы абалын жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Диалогдун жүрүшүндө тараптар жаңылануучу энергия булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Индияда жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө атомдук жана суутек технологияларын өнүктүрүү боюнча маалымат алмашышты. Арзыбек Кожошев туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу үчүн таза энергетика чөйрөсүндөгү программаларды биргелешип иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында ЕЭК министри индиялык тарапка кызматташтыктын практикалык кадамдарын талкуулоону жыл сайын өтүүчү Евразия экономикалык форумунун аянтчасында улантууну сунуштады. Бул иш-чара 2026-жылдын май айынын аягында Астанада (Казакстан) өткөрүү пландалган. Индия тарап ЕАЭБ мамлекеттери менен энергетикалык сектордо технологиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.