Быйыл Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин күчүнө киргенине 10 жыл толду. Бул аралыкта биримдик эмнеге жетти, кандай ийгиликтер жаралды жана Кыргызстан үчүн кандай пайда алып келди? Бүгүн «Репортер. кж» мына ушул теманын алкагында саресеп салууну туура көрдүк.
2015-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасы расмий түрдө Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болуп кошулган. Ал учурда Кыргызстан башынан экинчи Элдик революцияны өткөрүп, негизги өнөктөштөр менен болгон сооданын көрсөткүчү гана ылдыйлабастан, эл аралык саясий мамиле да сууп кеткен. Буга кошумча, коңшу мамлекеттердин чек арадагы көзөмөлү күчөп, мунун баары социалдык чыңалууну жараткан. Мына ошондой татаал жана бүдөмүк темпте Кыргызстан узакка созула турган экономикалык, керек болсо саясий кризиске да оңой эле батып кетүү коркунучу бар эле.
ЕАЭБге мүчө болуу менен соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык өзгөрүүлөрдүн нугун аныктап, Уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында биздин жарандарыбыз эркин жүрүп, товар, кызмат жана капиталдын эркин жүгүртүлүшүн камсыздай алдык. Бул кезди эгемен Кыргызстандын тарыхындагы чоң бурулуштун мезгили десек болот. Экономикалык көз караштан алып караганда, 9 жыл аралыгында туруктуу экономикалык өсүү болуп, сооданын көлөмү, өнөр жай өндүрүшү өсүп, инвестиция көбөйгөнүн эч ким жокко чыгара албайт.
Кезинде бул чечим туура эмес болду, пайдасын эмес, зыянын тартабыз дегендер да чыккан. Канча адам болсо ошончо пикир болот эмеспи, андыктан эл оозунда ЕАЭБ тууралуу түрдүү сын-пикирлер айтылган. Баарын убакыт көрсөтөт демекчи, андан бери 10 жыл өтүп, артка кылчайып, ЕАЭБдин Кыргызстанга тийгизген таасирине токтоло турган болсок, бул чечим өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхындагы эң маанилүү саясий-экономикалык кадамдардын бири болгонуна ынананбай кое албайсың. Эмне үчүн? Себеби, Кыргызстан ЕАЭБге кирүү менен ички рынокту кеңейтүү, өндүрүшчүлөрдү колдоо, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо максатында өзүнүн өнүгүү жолун евразиялык интеграция менен байланыштырды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстан биримдикке кире элек 2014-жылы ИДПнын көлөмү 400 миллиард сом гана болчу. Ал эми, 2018-жылы 557 миллиард сомду түзгөн. Бул болгону 4 жыл аралыгындагы көрсөткүч.
Ушул эле мезгил аралыгындагы миграция темасына кайрыла турган болсок, 2014-жылы чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга дээрлик 2 миллиард долларга жакын акча каражатын которсо, 2018-жылы 2,3 миллиардга жеткен.
Сөз менен эмес сан менен айта турган болсок:
— ЕАЭБ рыногунда 180 миллион калкы бар өлкөлөр менен соода-сатык мүмкүнчүлүгү ачылды.
— Сүт, эт, бал жана айыл чарба азыктарынын экспорту артып, 2016-жылы чек арадан өткөнжүк ташуучу унаалардын саны эки эсе көбөйгөн.
— Сүта зыктарынын экспорту 2023-жылы төрт эсеге өскөн.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу улуттук кызыкчылыкка негизделген стратегиялык кадам. Ушул жол аркылуу өлкө макроэкономикалык туруктуулукка жетишип, эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алды.
Көпчүлүккө белгилүү болгондой, кезинде Батыш өлкөлөрү ЕАЭБди саясий долбоор деп ага анчейин ишенбей келгени факт. А бирок 2018-жылдары кырдаал өзгөрдү. Россия ЕАЭБдин негизги экономикалык кыймылдаткычы катары өзүн көрсөтө алды. Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө ЕАЭБ менен дүйнөдөгү эң ири держава Кытай Эл Республикасынын «Бир жол — бир алкак» долбоору соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорт багытында бири-бирин толуктап, колдоп-коштоп келе жатат.
Кезинде Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан,Армения кошулган 5 гана мамлекет менен куралган ЕАЭБ бүгүн Вьетнам, Сингапур, Сербия жана Иран менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашууга жетише алды. Монголия жана Индия менен бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп,жакынкы аралыкта биримдикке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси да каралууда. Мындан тышкары, БРИКС мененда өнөктөш болуп, анын географиясын эске алуу менен экономикалык кызматташууну глобалдуу деңгээлге чыгарууда.
Албетте ЕАЭБтин 10 жылдагы бардык ийгиликтерин санап берүү мүмкүн эмес, антсе да биз айрым ийгиликтерине токтоло кетсек.
10 жылдын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер – Россия,Армения, Беларусия, Казакстан жана Кыргызстан улуттук экономикалардын туруктуу жана өз ара байланышта өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жетише алышты.
Жалпы саны 185,5 миллион адамды түзгөн ЕАЭБ мамлекеттеринин калкы үчүн товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун калыптандыруу жана өркүндөтүү боюнча активдүү иштер улантылууда.
2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы 4,4%га өсүп, 2 571,5 млрд АКШ долларын түздү, анын ичинде Россия – 2 164 млрд АКШ долларын(+4,1%), Армения – 25,8 млрд АКШ долларын (+5,9%), Беларусь Республикасы – 76,1 млрд АКШ долларын (+4,%), Казакстан – 76,1 млрд долларды (+4%)8, Казакстан – 8млрд долларды (+4%) түздү. — 17,5 млрд доллар (+9%).
Ошол эле учурда ЕАЭБдин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосунда улуттук валютада тышкы соода эсептешүүлөрүн ишке ашырууда олуттуу жылыштар болду. Дээрлик бардык төлөмдөр улуттук валютада (2024-жылы 93%), анын ичинде орус рублинде (75%) жүргүзүлөт.
Ал эми миграция маселесине келсек, ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандыктарга Россия жана Казакстанда иштөөгө уруксат берүү жөнөкөйлөтүлдү. Бул мигранттар үчүн эмгек укуктарын жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга шарт түздү. Мындан тышкары, мигранттардын балдары мектепке кирүүгө, үй-бүлө мүчөлөрү медициналык камсыздандырууга ээ болушту .
Мындан сырткары, ЕАЭБ Кыргызстанга инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартууга жардам берди. Мисалы, Евразия Өнүктүрүү Банкы Токтогул ГЭСинин реконструкциясына жана Бишкек-Ош жолунун курулушуна салым кошту. Евразия стабилизациялоо жана өнүктүрүү фонду Камбар-Ата-2 ГЭСинин технологиялык жаңылануусуна жана Ош облусундагы суу пайдалануу системасына инвестиция салууда.