Эдил Байсалов Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин жаңы орун басарларын тааныштырды

Эдил Байсалов Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин жаңы орун басарларын тааныштырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) жана Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин жетекчилиги менен болгон кеңейтилген жыйында министрликтин эки жаңы орун басарын — Омуров Нурлан Кубатовичти жана Чотонов Айбек Озубековичти расмий тааныштырды.

Жыйынга министр, министрликтин жетекчилери, ошондой эле өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Башкы тема — университеттик программаларды жана окуу пландарын түп-тамырынан жаңылоо болду.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө жогорку билим берүү системасын жана илим тармагын модернизациялоо боюнча олуттуу милдеттер турганын белгиледи.

«Билим берүү системасына жаңы дем, кесипкөйлүк жана ырааттуулук керек. Жаңы министрлик менен бирге керектүү реформаларды ишке ашырышыбыз зарыл. Биз биргелешип окуу программаларын заманбап талаптарга шайкеш келтирип, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү, процесстерди санариптештирүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барышыбыз керек. ЖОЖдор билим берүү мекемелери менен гана чектелбестен, коомдук өнүгүүнүн, илимдин жана инновациянын борборуна айланышы зарыл», — деди Байсалов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>