Подпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташты
Эдил Байсалов: Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосунда “жолборс” кызматташтыгы орун алууда
07.04.2025 | 13:57
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Евробиримдик менен Борбор Азиянын ортосунда “жолборс” кызматташтыгы бекемделип жатканын билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Страсбургга (Франция) болгон жумушчу сапарынын алкагында Euronews телеканалына маек куруп, анда Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып, инвестицияны көбөйтүүгө жана глобалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө чакырды.
Ал ошондой эле аймактардын соода, энергетика, жаштардын мобилдүүлүгү жана туруктуу демократия чөйрөлөрүндөгү потенциалын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар