Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Эдил Байсалов оорукананы, “шыпаакана” – деп атай баштады (ВИДЕО)
20.01.2022 | 16:19
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 19-январдагы жыйында оорукананы, “шыпаакана” деп атаган видеосу бүгүн, 20-январда социалдык тармакка тарады.
Ал үзүндү видеодо, Байсаловдун “шыпаакана”- деп айтып жатканын угууга болот.
“Буюрса, Алымкадыр Савирдиновичтин да ошондой программасы да бар. Томограф, гемиодиализ аппараттарын ошондой “ключевой ” ооруканаларга, “шыпааканаларга” жайгаштыруу боюнча пландар бар” – деген.
Кечээки, 19-январдагы парламенттик жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “оорукананы, шыпаакана” деп атоонуу сунуштаган болчу.
“Оорукана” эмес, “шыпаакана” дебейлиби? Жогорку Кеңеште сунушталды
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат