Бүгүн, 4-июнда Токиодо өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов Жапон өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Эдил Байсалов Японияга Осака шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн барган.
Байсалов алгая Япониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий диалог, экономикалык байланыштар, инфраструктуралык жана гуманитардык долбоорлор талкууланган.
Андан кийин ал JICAнын улук вице-президенти Сачико Имото менен да жолугушуу өткөргөн. Тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, кадрларды даярдоо жана туруктуу өнүктүрүү тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан. Эдил Байсалов JICAнын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, 13-апрелден 13-октябрына чейин Осака шаарында “Биздин жашообуз үчүн келечек коомду долбоорлоо” урааны астында “ЭКСПО 2025” Дүйнөлүк ЭКСПО өтөт. Анын алкагында Кыргызстан өзүнүн улуттук павильонун көрсөтөт. 6-июнда бай маданий жана ишкердик программасы менен Кыргыз Республикасынын улуттук күнүн өткөрүү пландалган.