Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун башчысы менен жолугушту — анда эмнелер талкууланды
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун президенти Билал Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, жумушчу жолугушуу Анталья шаарында өткөн VIII Эл аралык этноспорт форумунун алкагында болду.
«Тараптар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагындагы өнөктөштүк кызматташуунун негизги маселелерин, ошондой эле эл аралык деңгээлде этноспорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, — деп айтылат маалыматта. — Салттуу спорт түрлөрүн жана маданий мурасты бириктирген глобалдык аянтча катары оюндардын уюштуруу деңгээлин жогорулатууга, катышуучулардын географиясын кеңейтүүгө жана координацияны бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду».
Мындан тышкары, форумдун алкагында алдыңкы эл аралык спорттук ассоциациялардын жана катышуучу өлкөлөрдүн федерацияларынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулар өттү. Анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу маселелери, анын ичинде кызматташуу форматтары, уюштуруу өңүттөрү жана улуттук командалардын катышуусун кеңейтүү талкууланды.
Жыйынтыгында системалуу координацияны улантуу жана кызматташуунун конкреттүү багыттарын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилгени маалыматта кошумчаланган.