ЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын башкы кеңсесинде Евразия экономикалык биримдигинин климаттык күн тартибине арналган семинар болуп өттү. Иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темасы катары соода өнөктөштөр (анын ичинде КЭР) тарабынан көмүртектик жөнгө салуу чараларын киргизүүгө байланыштуу Биримдиктин экспорттоочулары үчүн жаралган тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр каралды. Продукциянын кеңири тизмеси үчүн көмүртек изин (углеродный след) эсептөө тутумун иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕАЭБде көмүртек изин эсептөө жана верификациялоо боюнча өзүнүн тутуму жок экенин, бул Биримдик өлкөлөрүнүн экспорту, инвестициялык жагымдуулугу жана технологиялык өнүгүүсү үчүн тобокелдиктерди жаратарын белгиледи. Ошол эле учурда ал мындай тутумду түзүү үчүн зарыл инструменттер ЕАЭБдин 2030-жылга чейинки стратегиялык документтеринде — мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу алкагында каралганын кошумчалады.