Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Кыргызстандык окуучулар Сочидеги биологиялык лагерге катышышты
27.01.2026 | 12:38
2026-жылдын 16-январынан 26-январына чейин «Сириус» билим берүү борборунда (РФ, Сочи ш.) Россия жана Кыргызстан командаларынын катышуусунда «Биология боюнча курама командага талапкерлер үчүн мектеп» аталышындагы окуу-машыгуу лагери болуп өттү.
Кыргыз Республикасынан иш-чарага машыктыруучу — Биология боюнча улуттук олимпиаданын мүчөсү Нурсултан Увалиевдин жетекчилиги астында улуттук кураманын 8 окуучусу катышты.
Лагердин программасы практикалык даярдыкка негизделип, үч негизги блокту: биохимияны, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясын, ошондой эле эволюция, экология жана биосистематиканы өз ичине камтыды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом