ЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясында ЭЕКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун Европа жана Борбор Азия боюнча Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) аймактык директору Артур Эркен менен жолугушуусу өттү.
Тараптар ЕАЭБдин алкагында коопсуз жана башкарылуучу миграциялык чөйрөнү калыптандырууга багытталган өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Анда иш-чаралардын биргелешкен планын даярдоо негизги маселе катары каралып, анын долбоору биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө макулдашууга жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, ЕЭК коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимге кошулган мамлекеттерге анын ишке ашырылышы боюнча улуттук ыктыярдуу отчетторду даярдоодо эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Бахыт Султанов ошондой эле МОМ өкүлүн май айынын аягында Астана шаарында өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты. ЕЭК менен МОМ ортосундагы өз ара аракеттенүү колдонуудагы меморандумдун алкагында жана глобалдык миграциялык келишимдин жоболорун ишке ашыруу боюнча системалуу негизде жүргүзүлүп келет.