ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдашты
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфратүзүм блогу жана ГЛОНАСС (РФнын Глобалдык навигациялык спутниктик системасы) эл аралык ташуулар чөйрөсүндө навигациялык жана санариптик сервистерди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планына кол коюшту.
Документке 2026–2027-жылдарга эсептелген жана ага 1-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн биринчи Эл аралык транспорттук-логистикалык форумдун алкагында кол коюлду.
Макулдашуу биргелешкен иш-чараларды жана консультацияларды өткөрүүнү, транспортто инновациялык технологияларды киргизүү жаатында тажрыйба алмашууну, пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүнү, ошондой эле статистика алмашууну жана аналитикалык материалдарды даярдоону камтыйт.
ЕЭКтин энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев санариптик трансформация жана инновацияларды киргизүү дүйнөлүк рыноктун, анын ичинде транспорт тармагынын негизги бөлүгүнө айланып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бул санариптик чечимдерди иштеп чыккан технологиялык компаниялар менен кызматташуунун маанилүүлүгүн жогорулатат.
ГЛОНАССтын башкы директору Алексей Райкевич өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун белгилеп, аны илгерилетүүгө даяр экенин билдирди. Ал биргелешкен иш эл аралык автоташууларда навигациялык системаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор үчүн негиз боло аларын, бул ЕАЭБдин жолдорунда бирдиктүү санариптик коопсуздук мейкиндигин калыптандырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.