Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Эгемендүүлүк майрамына карата өлкөдө 115 жаңы объект ишке берилет
29.08.2025 | 11:20

Кыргызстанда 31-августка карата 115 социалдык жана инфраструктуралык объект элге пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен 100 объектти ишке киргизүү пландалган, бирок курулуш жана капиталдык оңдоо планы ашыгы менен аткарылган.
Ачылган объектилердин катарына:
- 63 мектеп,
- 19 бала бакча,
- 11 саламаттыкты сактоо мекемеси,
- 13 спорттук объект,
- 3 маданий объект,
- 6 башка социалдык курулуш кирет.
Бул максаттарга республикалык бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылдын аягына чейин дагы 100дөн ашык социалдык жана инфраструктуралык объектти ишке берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар