Египетте Газадагы согушту токтотуу боюнча эл аралык саммит өтүүдө

Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында бүгүн Газадагы согушту токтотуу жана согуштан кийинки калыбына келтирүү маселелерине арналган эл аралык саммит башталды.
Иш-чарага БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, Британиянын премьер-министри Кейр Стармер, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана башка 20дан ашуун мамлекеттин лидерлери катышууда.
Саммитти Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана АКШнын президенти Дональд Трамп биргелешип өткөрүп жатышат. Уюштуруучулар Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атууну токтотуу келишимин расмий түрдө бекитүүгө жана Газанын калыбына келтирүү планын талкуулоого үмүттөнүшүүдө.
Маалыматтарга караганда, документтин долбоорунда ок атышууну этап-этабы менен токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, айрым аймактардан израилдик аскерлерди чыгаруу жана гуманитардык жардам программаларын баштоо каралган.
Бирок Газанын келечектеги саясий башкаруусу боюнча пикир келишпестиктер сакталып турат. ХАМАС уюмунун өкүлдөрү саммитке катышпай турганын билдиришти.
АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф саммит алдында Газага барып, Израил тараптын келишимди аткаруу аракеттерин текшергенин маалымдады. Анын сапарына АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Купер жана Жаред Кушнер да коштолгон.
Эл аралык эксперттер бул саммитти «Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын багытын өзгөртө ала турган маанилүү дипломатиялык кадам» деп баалашууда.