Египеттеги мелдеш: Бүгүн Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы күрөшөт

24.02.2023 | 13:06

Бүгүн, 24-февралда, Египеттин Александрия шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Ibrahim Moustafa мелдешинде, алты кыргызстандык спортчу күрөшөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мелдеш 23-февралда башталган, 26-февралда жыйынтыкталат. Турнирдин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Нуржигит Кенешбек уулу, Ырыскелди Максатбек уулу, Акылбек Талантбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы таймашка чыгат.

Алдын ала раунддун беттештери саат 14:30да башталат.

Грек-рим күрөшү

72 кг

1/8 финал

Нуржигит Кенешбек уулу – Отар Абуладзе (Грузия)

77 кг

1/8 финал

Юрий Тилимадзе (Грузия) – Ырыскелди Максатбек уулу

82 кг

1/4 финал

Акылбек Талантбеков – АбдАлкарим Акалиде (Алжир)

Кыз-келиндер күрөшү

62 кг

1/8 финал

Амелин Дуарте (Франция) – Айсулуу Тыныбекова

68 кг

1/8 финал

Жулиана Васильева Янева (Болгария) – Мээрим Жуманазарова

76 кг

1/8 финал

Фрэнси Ридель (Германия) – Айпери Медет кызы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top