КРӨФ цемент заводун жана ГЭС курууга 89 млн доллар бөлөт

КРӨФ цемент заводун жана ГЭС курууга 89 млн доллар бөлөт

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы эки долбоорго 89 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалым болгондой, 20-февралда Москвада фонддун кеңешинин отуруму өткөн. Анда фонддун мындан аркы өнүгүүсүү, ошондой эле, Кыргызстан үчүн маанилүү жалпы суммасы 89 млн долларлык эки долбоорду каржылоо тууралуу чечим кабыл алынган. Алардын жалпы наркы 250 млн доллардан ашат.

Биринчи долбоор — Нарын облусунда 100 мегаватт кубаттулуктагы «Куланак» ГЭСин куруу. Фонд аны ишке ашырууга 44 млн доллар бөлөт. ГЭСтин курулушу жүрүп жатканда 770 жумушчу орун түзүлүп, ал ишке киргенден кийин 97 орун пайда болот.

Ал эми экинчи долбоорго – Чүй облусунда цемент заводун курууга 45 млн доллар бөлүнөт. Ал жылына 1,5 млн тонна цемент чыгарып, 47 млн долларлык импортту жабат. Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүлөт.

«Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду өз ишмердигин баштагандан бери алгачкы ирет ушундай ири стратегиялык долбоорлорду каржылоодо жана аталган сумма фонд үчүн рекорддук болуп саналат», — деп билдирет фонд.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>