Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Екатеринбургдан 228 кыргызстандык кайтып келди, арасында медиктер бар
07.07.2020 | 11:01
Бүгүн, 7-июлда “Екатеринбург -Бишкек” чартердик каттамы менен 228 кыргызстандык мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзгөн. Тизмеге төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш баласы бар аялдар жана студенттер кирген.
Ошодой эле коронавируска каршы күрөшүү үчүн ыктыярчы катары кыргыз дарыгерлери менен медайымдары дагы келген.
Ушул эле каттам менен Екатеринбургдагы активисттер жана Башкы консулдуктун кызматкерлеринин каражаттарына алынган жалпы суммасы 4 300 долларлык кычкылтек концентратору, пульсикометр, глюкометр жана жеке коргонуу каражаттар өлкөгө жеткирилген
Рубрики: Жаңылыктар, Коом