БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Аёсуз сабалган 2 жаштагы Егордун иши боюнча сот өкүм чыгарды
23.06.2022 | 17:03
Сокулук районунда эки жаштагы Егордун сабалышы боюнча райондук сот бүгүн, 23-июнда өкүм чыгарды.
Аталган кылмышка шектүү делген 1987-жылы туулган Александр Самаркин Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды.
Ушул жылдын февраль айында Егор катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бул иш боюнча Александр Самаркин кармалган.
Егордун денесинде күйүк, тырыктар болгондуктан ал узак убакытка дарыланып, реабилитациядан өткөн.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом