Кара-Балта шаарынын 19 жаштагы тургуну Нина Манаева, президенттин милдеттин аткаруучу Талант Мамытовдон жардам сурап ачык кайрылуу жасады.
Ал Мамытовдон аны майып кылган адамды мыйзам чегинде жоопко тартылуусуна көмөктөшүүсүн өтүнгөн.
Манаева аны Антон аттуу таанышы өткөн жылы 15-февралда экинчи кабаттан терезеден ыргытып жиберип, омурткасы жабыркап 1-топтогу майып болуп калганын айтат.
Жабырлануучунун айтымында укук коргоо кызматкерлери анын ишин бурмалап, Антонду жазадан куткаруунун аракетин көрүшүүдө.