Экономика эмес, идеология. Жогорку Кеңештин төрагасы Түркияга эмне максат менен барды?

10.02.2026 | 17:57

Кыргызстандын парламентинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 9-11-февраль күндөрү расмий сапар менен Түркияда жүрөт. Бул анын төрага болуп кайра шайлангандан кийинки алгачкы чет элдик сапары. Делегациянын курамында бир топ депутаттар бар, ал эми күн тартибинде жогорку деңгээлдеги жолугушуулар каралган. Саясий эксперт Игорь Шестаков Reporter.kg басылмасына эмне үчүн тандоо дал ушул Анкарага түшкөнүн жана бул сапар кандай мааниге ээ экенин айтып берди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын расмий маалыматына ылайык, сапар Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен ишке ашууда. Тараптар өткөн жылдын апрель айында Бишкекте кол коюлган меморандумга таянып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоону талкуулашат.

Төрага менен бирге Түркияга депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Элдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Элвира Сурабалдиева кетишти.

Саясий эксперт Игорь Шестаков Reporter.kg басылмасына берген комментарийинде, бул сапарга экономикалык эмес, идеологиялык өңүттөн кароону сунуштайт. Анын пикиринде, Түркия Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) “локомотиви” катары бул бирикменин идеологиялык базасын жигердүү калыптандырууда жана бул процессте мүчө-өлкөлөрдүн парламенттери негизги ролду ойнойт.

«Түрк тарап үчүн ТМУнун алкагында түрк идеологиясын алга жылдыруу маселелеринде Жогорку Кеңештин колдоосу маанилүү», — деп белгилейт Шестаков.

Анкара Борбордук Азияда позициясын узак мөөнөткө бекемдөө үчүн маданий-билим берүү мейкиндигин бирдейлештирүү (унификациялоо) зарыл экенин жакшы түшүнөт.

Алфавит жана тарых саясий инструмент катары

Эксперт учурда ТМУнун академиялык жана саясий чөйрөлөрүндө талкууланып жаткан жана Анкарада кулуардык сүйлөшүүлөрдүн предмети болушу мүмкүн болгон конкреттүү демилгелерге көңүл бурат. Кеп бирдиктүү алфавитти киргизүү жана түрк тарыхынын бирдиктүү окуу китебин кабыл алуу тууралуу болуп жатат.

Игорь Шестаков бул кадамдарды гуманитардык же билим берүү долбоору катары гана кабыл алууга болбой турганын баса белгилейт.

«Бул билим берүү тармагындагы эле эмес, бул уюмдун [ТМУнун] Борбордук Азия мейкиндигиндеги позициясын бекемдей турган саясий билдирүү», — деп эсептейт саясат таануучу.

Дал ушул парламенттер бул өзгөртүүлөрдү улуттук деңгээлде ратификациялап, мыйзамдаштырышы керек. Ошондуктан депутаттык корпус менен иштешүү Түркия үчүн стратегиялык артыкчылык болуп саналат.

Ар башка стратегиялар

Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарын талдоо менен, эксперт негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн мамилесиндеги айырмачылыктарды белгилейт. Эгерде кызыкчылыктары негизинен экономикалык чөйрөдө болгон Кытай аткаруу бийлиги — президент жана өкмөт менен иштешүүгө басым жасаса, Россия менен парламенттер аралык кызматташтык таза прагматикалык мүнөзгө ээ.

Алсак, Жогорку Кеңештин делегациясынын Москвага боло турган жакынкы сапары (Вячеслав Володин менен макулдашылган) курч социалдык маселеге — миграцияга арналат. Ал эми Түркия өз кезегинде идеологиялык таасирге жана “жумшак күчкө” таянып, башка стратегияны тандап алууда. Бул үчүн парламенттик аянтчаны жигердүү колдонууда.

«Бул жерде экономикадан көрө идеология көбүрөөк болот», — деп Игорь Шестаков кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы этабынын өзгөчөлүгүн жыйынтыктайт.

Scroll to Top