Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Экотехинспекциянын башчылыгына Мырзабек Жыпаркулов келди
18.02.2020 | 16:44
Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Жыпаркулов 2015-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун техникалык блок боюнча орун басары болуп иштеген.
Буга чейин Экотехинспекцияны жетектеп келген Жолдошбек Жунушев февраль айынын башында кызматтан алынган.
24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир катар чиновниктер кызматтан бошотулуп тартип жазага тартылмай болгон. Алардын арасында дал ушул Жолдошбек Жунушевдин да аты аталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат