Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Экс-вице-премьер Алтынай Омурбекова Финполго суракка чакыртылды
10.07.2020 | 10:30
Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.
Сурак коррупция жана жеке фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын жактоо фактысы боюнча козголгон иштердин алкагында жүргүзүлгөнү айтылат.
Буга чейин Финполго суракка, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чакыртылган.
Белгилей кетсек Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаев 1-апрель күнү кызматтан алынышкан.
Ушул эле күнү вице-премьерликке Аида Исмаилова, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримов дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом