Экспортко, өндүрүшкө зыян. Желим буюмдарга кайра уруксат берүү сунушталууда

Экспортко, өндүрүшкө зыян. Желим буюмдарга кайра уруксат берүү сунушталууда

Министрлер кабинетине желимден жасалган буюмдардын тизмегин кайра карап чыгуу сунушталды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов иштеп чыккан мыйзам долбоорунун маалыматтык негиздемесинде айтылат.

Эл өкүлүнүн пикиринде, Кыргызстандын 2027-жылдан баштап башка желим буюмдар менен бирге ПЭТ таңгактарын сатууга дагы тыюу салуусу ЕАЭБ рыногунда товарлардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып, уюмдун алкагындагы келишимге карама-каршы келет.

Андыктан депутат 2023-жылдын 9-августтунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын аймагында полимердик пленкадан жасалган баштыктар жана желим буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү сунуштайт.

Белгилей кетсек, мыйзамда полимердик пленкадан жасалган баштыктар менен катар бир жолу колдонуучу желим идиштердин бардык түрү, тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу желим таңгактар, желим бөтөлкө ПЭТ (полиэтилентерефталат, PET), желимден жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка таңгагы, кофелерге арналган желим капсулалар жана азык-түлүк салууга арналган желим тор баштыктарды колдонууга, өндүрүүгө тыюу салынган.

Депутат кайра иштеп чыгууга жатпаган желимдин түрлөрүнө гана тыюу салып, полиэтилентерефталат (ПЭТ) бөтөлкөсүнө, тамак-аш үчүн бир жолу колдонуучу пластикке уруксат берүүнү демилгелейт.

Анын айтымында, ПЭТ өндүрүшү эл аралык экологиялык документтердин колдонуудагы жоболоруна ылайык келет. Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясында көрсөтүлгөн чечимдерди ишке ашырат.
Аны бир нече жолу кайра иштетип чыгууга болот.

«Кыргызстанда учурда катуу калдыктарды башкаруу тармагында 80ден ашык ишкана иштейт. Таштандыларды иштетүү тармагында иш алып барган бардык ишканалардын ичинен 30дан ашык ишкана желимди алгачкы иштетүү менен алектенет. 10го жакын ишкана даяр продукцияларды өндүрөт», — дейт Элдар Сулайманов.

Ысык-Көлдүн аймагында дагы полиэтилентерефталатка уруксат берүү каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>