Чычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөтБишкекте 2026-жылга пландалган 136 жолдун 68и реконструкцияландыКР УКМК бийликти басып алууга чакырык жасаган Threads’тин дагы бир колдонуучусун кармады«Такси 3» тасмасынын жылдызы Бай Лин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келетФранцияда айыккыс дартка чалдыккандар эвтаназияга укук алышты
ИИМ: Чолпон-Атада айдоочудан 3,5 миң доллар опузалаган адам кармалды
31.05.2024 | 16:42
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында акча опузалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Белгилүү болгондой, милицияга Ысык-Көлдө жарандарды опузалап, мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн адамдар тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда кичи автобус менен эл ташып иштеген айдоочулардын бири милицияга арыз жазып, Т. аттуу бир адам Чолпон-Ата – Бишкек каттамы боюнча иштөө үчүн 3,5 миң доллар талап кылганын билдирген.
Бул факт боюнча “акча опузалоо” беренеси менен иш козголгон.
Ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 43 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран 310 миң сом алып жатканда кармалган.
Соттун чечими менен шектүү тергөө аяктаганча 1 айга камакка алынган.