Эл үчүн гуманитардык жардамга ун бөлүндү

Эл үчүн гуманитардык жардамга ун бөлүндү

Бүгүн, 1-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, министрдин орун басары Равшан Рысбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы ункомбинатына ундун жерине жеткирүү иштерин уюштурду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн бөлүнгөн ундар графике ылайык жер-жерлерге жеткирилет. Бул жумуш Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

Унду бөлүштүрүү иштерин жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>