Эл аралык маанидеги Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолун оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында

07.08.2025 | 13:20

Бүгүн, 7-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында эл аралык маанидеги Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пландалган жумуштардын 90-95%зы жыйынтыкталды. Учурда тротуарларды куруу, асфальт-бетон төшөө,  лотокторду орнотуу иштери уланууда.

Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 бөлүктөн турат. Ошондой эле, узундугу 31, 102 чакырымды түзгөн 2 даана көпүрө бар. Бүткөрүү мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 млрд сомду түзөт.

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан өкмөт башчы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.

Scroll to Top