Эл аралык уюмдар ЕАЭБдин дүйнөлүк агро-азык-түлүк системасындагы ролун талкуулашты

11-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында эл аралык уюмдар жана бирикмелер ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн дүйнөлүк агро-азык-түлүк системасындагы ролу тууралуу тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында ЕАЭБ, ШКУ, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюму, КМШ жана Дан боюнча эл аралык кеңешинин өкүлдөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук жана аймактык стратегияларды ишке ашыруу тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.
Ошондой эле эл аралык дан жана кант соодасы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы, азык-түлүк рыногундагы структуралык өзгөрүүлөр боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган. Айыл чарба продукциясын экспорттоону колдоону камсыздоо боюнча чаралар каралган.