Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Эл өкүлү Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын баатыры деп атады
23.04.2025 | 11:30
Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын баатыры деп атады.
«Өткөн жумада өлкө үчүн маанилүү окуя болду. Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, элге дем берип, чек ара сызыгы такталып баштаганын айтып,чогулгандарды жана мени абдан кубантты. Эми Кыргызстан эгемендүү өлкө деп так айта алабыз.
Ондогон аксакалдар Кыргызстандын баатыры, патриот жигитке ыраазычылык билдирип, муну парламентте жарыялоомду суранышты», – деп билдирди Талиева.
Рубрики: Жаңылыктар