«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келген
Электр энергиясына тариф канчага көтөрүлөт? Министрдин жообу
21.07.2023 | 16:01
Электр энергиясына болгон тариф жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлдагы брифинде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, тариф саясаты инфляцияга байланган жана ал жыл сайын өзгөрүп турат. Бул электр энергиясына болгон баа жыл сайын кымбаттайт дегенди билдирет.
“Инфляцияга жараша тариф жыл сайын көтөрүлөт. Жакында эле 23 тыйынга көтөргөнбүз. Ар бир товардын өзүнүн баасы болушу керек. Эмдиги жылы инфляция кандай болорун билбейбиз, балким, баа 15 же 25 тыйынга көтөрүлүшү мүмкүн. Биз жогорулатууга барышыбыз керек”, – деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер ушул жылдын май айында күчүнө кирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом