Бишкекте мейманканага уурулукка кирген шектүүлөр кармалды

Бишкекте мейманканага уурулукка кирген шектүүлөр кармалды

Бишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлда ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган, Бишкек шаарындагы мейманканаларынын бирине саат 04:18де дүрбөлөң баскычы басылып, айтылган дарек боюнча ыкчам жеткен күзөт бөлүмүнүн кармоо тобу эки шектүү жаранды кармашкан.

Жогорудагы мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин шектүүлөр темир лом менен бузуп кирүүгө аракет кылып жаткан учурда күзөттө турган кызматкер болгон окуяны видео байкоо аркылуу көрүп дүрбөлөң баскычын баскандан кийин кармоо тобу тез аранын ичинде келип, 1998-жылы туулган А.Т. жана 2006-жылы туулган  А.Н. аттуу жарандарды кармашкан.

Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>