Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат калп экенин эскертет жана ага ишенбөөгө үндөйт.
Министрлик жөлөкпул тууралуу жалган маалыматты шылуундар таратып жатканын, алар жөнөткөн шилтемени ачпоо керектигин, болбосо жарандардын эсептери жана жеке маалыматтары алдамчылардын колуна тийиши мүмкүн экенин эскертет.
Ошондой эле министрлик алардын расмий маалыматтары мекеменин сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында жана ЖМКларда жарыяланып турарын белгилейт.