Баалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилери2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»
Эми Кыргызстанда бала бакчаларга 1 жаштан тартып кабыл алынат
19.08.2025 | 17:33

Кыргызстанда бала бакчаларга 1 жаштан тартып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик стандартка өзгөртүүлөр киргизилген, эгер бала бакчада орун болсо, бөбөктү 1 жаштан тартып кабыл алууга мүмкүн.
Агартуу министрлиги жаңы окуу жылынан баштап бала бакчалар 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды камтыган жаңыланган программа менен иштей баштаарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар